Бүгүн, 1-июнь күнү белгилүү манасчы Жусуп Мамай 96 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кытайдагы кыргыз тилдүү маалымат каражаттары кабарлашты. Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында жарык дүйнөгө келген. Ал "Манас" эпосун сегиз урпакка чейин айткан. Анын айтуусунда бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.
Айта кетсек, 2014-жылдын 30-май күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кол койгон жарлыгына ылайык, манасчы Жусуп Мамайга “Ак шумкар” өзгөчө белгиси жана Кыргыз Эл баатыры деген наам берилген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.