Алайда буулган жолго дагы 3 боз үй тигилди

Алайда буулган жолго дагы 3 боз үй тигилди. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 31-май күнү жамгырдан кийин ал жерге 3 боз үй тигилген эле. Бүгүн дагы 3 боз үй жолго тигилип, жалпы саны 10го жетти. Учурда ал жакта 80ге жакын Ахматбек Келдибековдун тарапташы бар. Ал эми 50гө жакын күч органдарынын кызматкерлери тартипке көзөмөл кылышууда.  

Айта кетсек, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Ахматбек Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
gutler
2014-06-01 20:22:36
ээ э жол тоскон кеселинерди таштагылачы. Акматбегинер таза болсо, силерсиз эле чыгат. Эл деле силердей бала багып, тирчилик учун жол журот. Жолду ачкыла.
0
admin_portal
2014-06-02 10:29:47
Jack.a - 5 күнгө БАН!
Такталбаган, далили жок маалымат жазып, кимдир бирөөнү кадыр-баркына шек келтиргенге тыюу салынат.
0
syltanmyrat2013
2014-06-01 20:31:46
Келдибеков Алай элине козго корунгон кулака угулган эчтеке жасай албады.Моюнга алыш керек. Ал эми жолду тоскон адамдар депутаттын жакындары . Копчулук Алай элинин колдоосунда жок
+3
Made_in_Mama
2014-06-01 21:32:29
syltanmyrat2013, сиздин созунузго жуз пайыз кошулам. Келдибеков Алай учун эч нерсе кылган жок. Жол ондоп, мектеп ондоп ж.б. жардам корсото албады. Депутат болоордо ар турдуу убадаларды берди эле. Туугандары, айылдаштары намыс учун чыгып жатышат. Устудогулор талаптарын укпай коюшуп, амал жок жол тосушууда. Бирок жол тосушса да ундорун уккан эч бир аткаминер жок! Келдибековду уй камагына чыгарып эле, тергоо иштерин улантышса болмок...
+1
Dooron
2014-06-02 08:17:01
syltanmyrat2013, Бул жерде Алай учун эч нерсе кылып бербесе да ак болсо актап кара болсо каралап бир жака чечип беруусу керек. Жон эле шылтоо менен кармап отура бербей. Жегенди озу тараптан баштаса Акматка чейин далайы камалмак.
0
askat1985
2014-06-01 20:32:27
бул озу жакшы иш эмес силер жолду жапсанар эле Акматбековду бошотуп жибереби соттолот чыгат силердин эмненер кетип атат
+3
chali
2014-06-01 21:02:01
Боз үй деген биздин улуттук байлыгыбыз да. Аны ушундай жерде тигип кордобой койсок жакшы болот эле. Азыр илгеркидей боз үйдүн усталары да жок, колдо барын сактап калалы да. Ким көрүнгөнгө эле көтөрө чуркабай. Айрыкча 2007 жылы биздин айылдагы бирөө боз үйүн митингге тиге койом деп, милицияларга алдырып жиберип кол жууп калган боз үйүнөн. Келдибековду митиңгге муктаждыгы желе жок, күн
-1
Made_in_Mama
2014-06-01 21:35:57
chali, боз уйду жакшылыкта жана жамандыкта да тигишет. Аны каалаган жерде туноо учун тигишет. Ал кордук болуп саналбайт. Сиз ойлойт окшойсуз ээ, ушул боз уйлор "атам замандагы" деп?! Жок, азыркы учурда деле заказга жасап калышкан.
+1
sema.
2014-06-01 21:02:23
ee azamatar batykaevti jon ele 4ygarbai yzatyp koiywty go byga ne deisiner.
0
kojojaw
2014-06-01 21:15:13
jeedibi jazasyn alsyn...
+2
mi-li-na
2014-06-01 23:07:31
бизде ким эле таза бар дейсинер,азыр мамлекетте эн бийик даражадагы АШАдан баштап эн томонку кызматтагылардын баары жешет.Бизде таза откон инсан Исхак Раззаков,Апсамат Масалиев болгон.
+1
Afrodita-12
2014-06-02 02:24:49
барып намысынар жок экен, коррупцияны женели деп жатканда ага тоскоол болбогула, элдин, балдардын тагдырдын ойлогула. эгоитенбей деп айтып койгон акылдуу киши жокпу алайда
+1
danok88
2014-06-02 03:13:46
талаа иштери жокпу тобоо иш кылсанар боло митинг жакшы нерсеге алып барбайт коруп деле жатасынар
0
zarlyk2211
2014-06-02 03:20:26
Атка минерлер бир чара корсонор боло. Куноолу болсо куноосун далилдеп анан камаш керек,камап алып куноосун издебей. Ак болсо чыгаргыла озунорду ойлой бербей!
0
PENDE
2014-06-02 10:35:02
zarlyk2211,
Күнөөсү болгон үчүн камап жатат да. Көчөдөн алып келип эле камаган жок!
+1
beka.ankara
2014-06-02 06:24:25
sopu korgon alga
0
nukuluk
2014-06-02 19:22:11
25 боз уй тиккенде деле чыгара койбойт,куноосу барбы отурат,законду бузбай журуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан