Ташчайнар лакап аты менен элге таанылган балбан Нурлан Алишеров Төө-Ашуудагы 3 чакырымдык тоннелдин башынан аягына чейин салмагы 3 тонна унааны тиши менен сүйрөп чыкты. Бул тууралуу кечээ, 1-июнда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Маалыматка ылайык, Ташчайнар 2 сааттын ичинде ушул максатына жетти. “Төө-Ашууда кар катуу жаап, абанын температурасы нөлгө жакын болгон. Ташчайнар менен кошо ӨКМнын жана "Тез жардам" кызматынын кызматчылары да жүрүштү. Тоннелдин ичинде бир топ кыйынчылыктар болгонуна карабастан, ал токтогон жок. Аягына келгенде ага калпак кийгиздик. Тоннелден чыгып жатканда бардыгы “Ташчайнар! Ташчайнар!” деп аны тосушту”,- деп жазды Чакиев.