Нарын облусундагы бала бакчаларга боз үйлөр берилди

Нарын шаарында 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата бала бакчаларга Кытай өндүрүшүнөн чыккан боз үйлөр берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин боз үй шаар ичиндеги №15-бала бакчада гана болгон. Алар боз үй “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунун долбоорунун негизинде Долон жайлоосунда жайлоо бала бакчасын уюштуруп келишкен.

"Бир гана бала бакчанын боз үйү болгондуктан, балдар үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сомго чейин каражат карап, ар бир бала бакчага бирден боз үй сатып бердик",- дейт Б.Жээналиев.

Учурда аталган аймакка алгачкы үч боз үй алынып келинди. Шаар жетекчисинин айтымына караганда, быйыл жайлоо бала бакчаларынын саны көбөйөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан