1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаардык атайын тазалыкты сактоочу автобазасы Психоневрологиялык балдар интернатына акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган башкармалыктын жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, шаардагы ар бир мекеме-ишкана Балдар күнүнө карата өздөрүнүн дареметине жараша жардам көрсөтүштү. “Биз Психоневрологиялык балдар интернатына 4 миң сом акча каражатын бөлүп бердик. Мындан ары да жакындан жардамдарды берип турабыз”,- деди Бакиров.