31-майда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында элдик жыйын болуп өттү. Анда коомдук-саясий абал жана митинг, пикеттердеги мыйзамдуулукту сактоо боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда райондук администрациядан Акылбек Абдрахманов билдирди.
Ага Өзгөн районундагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, жетекчилери, айыл башчылары, мектеп директорлору, коомчулуктун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Андагы катышуучулар саясатчыларга кайрылуу жасашты. Анда “Акыркы жылдары митингдердин, пикеттердин катышуучуларынын жол тосуулары, мыйзамсыз аракеттери мамлекеттин пайдубалы болгон экономикасына, кызуу жүрүп жаткан жазгы талаа жумуштарына тоскоол болууда” деп жазылат. Ошондой эле сабырдуулук принцибинин негизинде мүмкүн болгон социалдык чыңалууларды жана чыр-чатактарды азайтууга коомчулук жана бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте өз аракеттерин күчөтүүгө даяр экенин билдиришти.
Ошону менен катар митинг, пикеттер мыйзам чегинде өтүүсү зарыл. Жол тосуу жана башка массалык баш аламандыктар мамлекетибизге, калктын калың катмарынын айыл чарба, экономикалык өз ара аракеттерин жүргүзүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын кошумчалашты.