Ош. Өзгөн районунда 2460 мектеп бүтүрүүчүсү паспорт менен толук камсыз болушту

31-майда Өзгөн райондук акимчилигинде окуучуларга паспорт тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык, 16-17 жашка чыккандар акысыз паспорт ала алышат. Ал күнү   300 окуучуга паспорт тапшырылды. Ал эми аталган райондогу Мырзаке айылындагы мектеп-интернатында окуган 12 окуучуга, ошондой эле 60ка жакын шарты оор үй-бүлөлөргө бул бөлүм тарабынан демөөрчүлөр табылып, алар да акысыз паспорт алышты.

Бул жылы район боюнча 2460 мектептин бүтүрүүчүсү паспорт менен толук камсыз болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан