Кечээ, 1-июнда Балдарды коргоо күнүнө карата “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Бишкек шаардык уюмунун жаштар канаты “Балдар - биздин бактыбыз!” деген аталышта кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулоо жана социалдык жактан жардамга муктаж болгон балдар-кыздарга көмөк көргөзүүгө багытталган иш-чара Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылындагы Беловодск мектепке чейинки балдар үйүндө өттү. Аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдардын курагы 3 жаштан 7 жашка чейин болгондуктан, “Өнөрлүү бөбөк” деген аталыштагы бөбөктөрдүн арасында таланттардын таймашы өткөрүлдү. Ар бир тайпанын ичинен мыкты ырчы-бийчилери өз өнөрлөрүн жана таланттарын тартуулашты. Соңунда аларга уюштуруучулар тарабынан белектер ыйгарылды. Мындан тышкары балдар үйүндө тарбияланып жаткан ар бир бөбөккө балмуздак таратылып, 6-7 жаштагы балдарга окуу куралдары партиянын Бишкек шаардык уюму тарабынан тапшырылды.