Жалал-Абад шаарында Балдарды коргоо күнүн белгилөөгө шаардык мэрия тарабынан 300 миң сом сарпталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган күнү балдар үчүн спорттук оюн, жер бетине сүрөт тартуу боюнча сынактар, концерттик программалар уюштурулду. Жеңүүчүлөр белектерди алышып, майрамга келген балдарга акысыз балмуздактар таратылды.
Аталган майрамга миңге чукул бала келип көңүл ачып кетти. Майрам шаңы бала бакчанын жана мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.