Нарын облусунда Балдарды коргоо күнүнө карата 5 миңден ашуун балага балмуздак таратылды

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 1-июнда Нарын шаарындагы “Алма-Бак” сейил багында атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага келген ата-энелерди жана балдарды шаар мэри Баатырбек Жээналиев, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдырайымакунова куттукташты.

Жергиликтүү өнөрпоздор тарабынан концерт тартууланды. Бул күнү шаар боюнча 3 жерде майрамдык салтанаттар өткөрүлүп, анда мэрия менен демөөрчүлөр тарабынан балдарга 5 миңден ашуун балмуздак таратылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан