Ысык-Көл облусундагы балдар үйлөрүнө 110 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилди

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдар үйүнө 20 миң сом, Каракол шаарындагы “Ирада” балдар үйүнө 20 миң сом, Жети-Өгүз районундагы “Келечек” балдар үйүнө 20 миң сом, Тоң районундагы “Хадича” балдар үйүнө 20 миң сом, Ысык-Көл районундагы SOS балдар үйүнө 20 миң сом жана Түп районундагы “Балдар - өмүр булагы” реабилитациялык борборуна 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаттары Балдарды коргоо күнүнө карата тапшырылды. Бул тууралуу 2-июнда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус боюнча тоголок жетим балдардын саны 421ди түзсө, жарым-жартылай жетим балдар – 7499, майып балдар – 3412 адам. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн тескемесине ылайык, 20-майдан 2-июнга чейин облус аймагында “Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу ураандын астында балдарга колдоо көрсөтүү айлыгы жарыяланган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан