Эмилбек Каптагаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен келечек жаш муундарды куттуктап, балдарыбыздын келечеги кең болуусун жана эч качан биздин ата-бабаларыбыз көргөн кыйынчылык, оор күндөрдү көрбөшүн каалап, балдардын бакубат келечегине кам көрүү жалпыбыздын милдетибиз экенин белгиледи.
Ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы “Келечек” балдар үйүндө болуп, анда тарбияланган балдарды майрамы менен куттуктап, облустун атынан 20 миң сом акча каражатын тапшырды. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары ыйгарым укуктуу өкүлгө ыраазычылыктарын билдиришип, чакан концерттик программаларын тартуу кылышты. Кызыл-Суу айылындагы Маданият үйүндө уюштурулган майрамдык салтанатта балдардын сармердени өткөзүлдү. Ал көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, таланттарына ыраазы болушту.
Айта кетсек, облустун район, шаарларында балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, бекер балмуздактар таратылып, зоопарк, аттракциондор балдар үчүн акысыз кызмат көрсөтүштү. Кошумча маалымат: облус боюнча 96 бала бакча бар, анын 58и - муниципалдык, 7 бала бакча - менчик, 29у - жамааттык.