Социалдык өнүктүрүү министрлиги: Быйыл ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 14 миң балага майыптык арабалар берилет

Кыргызстандын аймагында Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 115 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда басма сөз жыйынында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

"Быйыл министрлик тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 14 миң балага майыптык арабалар жана протездер берилет. Ошондой эле ал балдарга ден соолугун чыңдоо максатында калыбына келтирүүчү жана курорттук жайларга жолдомолор да берилмекчи. Анын негизинде 1-топтогу майыптарга бекер жолдомолор тапшырылат, 2-топтогу майыптар 50 пайыздык арзандатуу менен, 3-топтогу майыптар 30 пайыздык арзандатуу менен жолдомо ала алышат",- дейт К.Базарбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан