Бүгүнкү күндө КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргызстандын аймагында 115 миң үй-бүлөгө 2 миллиард 829 миллион сом өлчөмүндөгү мамлекеттик жөлөк пул берилет. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда министр Кудайберген Базарбаев журналисттердин катышуусундагы маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 35 миңге барабар болсо, алардын 26 миңи 18 жашка чейинки балдар. Андан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 26 миңи ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул алышат.