2010-жылдын Июнь окуясында каза болгон балдардын өлүмү боюнча бир гана иш сотко өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда басма сөз жыйынында социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын Июнь окуяларында 18 жашка чейинки 23 бала каза тапкан. БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин маалыматы боюнча, аталган иштер боюнча сот ишине бирөө гана жеткен. |
“Июнь окуясы боюнча сотко бир гана иш өткөн. Калгандары жабыла элек. Учурда тергөө амалдары уланууда. Тергөө иштери аягына чыгары менен ал иштер сотко өткөрүлмөкчү”,- дейт К.Базарбаев. |