КРнын ӨКМнын Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, июнь ичинде Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын орточо көрсөткүчү күндүз +30...+36°С, түнкүсүн +6...+15°С болот. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Аймактар боюнча орточо көрсөткүчтөр:
Чүй облусу: түнкүсүн +12...+17°С, күндүз +30...+35°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.
Талас облусу: түнкүсүн +10...+15°С, күндүз +23...+28°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.
Ош жана Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +14...+19°С, күндүз +31...+36°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.
Баткен облусу: түнкүсүн +14...+19°С, күндүз +31...+36°С, тоолуу аймактарда түнкүсүн +9...+14°С, күндүз +26...+31°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +9...+14°С, күндүз +20...+25°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.
Нарын облусу: түнкүсүн +6...+11°С, күндүз +22...+27°С. Жаан-чачын ченемге жакын же андан көбүрөөк болушу күтүлөт.