Интернетте Алайдагы митингчилердин "Кара жоргону" бийлегени кызуу талкууга алынды 

Алайда жол бууп турган митингчилердин "Кара жорго" бийи интернетке жүктөлүп, бүгүн, 2-июнда коомчулукта кызуу талкууга алынды. Камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын бийлеп жүргөнү коомчулукту нааразы кылды өңдөнөт, эл арасында түрдүү пикирлер жаралууда.

Ал учурда Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптарын өзгөртүп, депутатты үй камагына чыгарууну эмес, аны толук бойдон абактан бошотууну талап кылышууда.

Жол буулгандан бери жүк ташуулар төмөндөп, баалар жогорулоодо. Ошондой эле жол тосуунун кесепетинен салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда. 

30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "жол тосуудан келтирилген чыгым 12-20 миллион сомго чейин жетти" деп билдирген.

Бүгүн жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголгону жана алардын “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча ачылганы маалым болду. 

Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.  

Алайдагы митингчилердин "Кара жорго" бийи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (58)
Akil8484
2014-06-03 10:03:35
Жердешим деп жолду тосуп камынбагын,
Жок чынчык деп жаман атты жамынбагын.
Жакшы тилек жарым ырыс деген соз бар,
Жок кылмыш деп кылмыш кылсан тарынбагын.
+3
Jomo
2014-06-03 10:04:05
Ээ, буларга баары бир, Келдибековду да уруп ойнобойт, кыязы мас болуп алган го....
+1
adidilet
2014-06-03 10:27:17
ХХХ... эч нерсени ойлонуп да коюшпайт..Кыргызстанды талап тоногон Келдибеков силердин айынардан чарчап калган наристенин жытына да тен келбейт!!! ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2014-06-03 10:44:13
adidilet - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
admin_portal
2014-06-03 11:10:48
peri...97 - 10 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги жана провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
sambo
2014-06-03 11:30:22
Мен да барып КАРА-ЖОРГО бийлеп келсемби...
-3
mikeno
2014-06-03 11:54:31
Дежурный чал-кемпирлер окшойт кобу эле. Негизи законду кучуно киргизиш керек Кыргызстанда. Жестко караш керек ошондо онугуп-осот мамлекет. Мурда Кыргызстан СНГлар арасында ойдороок турса ачыгын айтканда азыр ээн артынан биринчи мамлекет болуп калдык. Уят эле нерсе. Эмне кереги бар ушундай демократиянын. Даже светти Тажикистандан сатып алып жатабыз. Ушундай денгээлде кете берсек келечек кандай болот?!! Жаштарга жол корсото турган биздин карылар... Туугандар акчага коп нерсени алмаштырбайлычы.
0
december
2014-06-03 12:33:13
окунучтуу... койгон талаптарынан адаштырып тойдо жургондой бийлешиптир... максаттары не экенин тушунуп болбойт окшойт...
+2
Pearl.06
2014-06-03 13:40:50
Алган акчаларына аябай ичишкен экен бул ЭНЕЛЕР жарайсынар ушуларга окшогондор кыргыздарды төрдөн көргө тартып жатпайбы.
+1
Murok
2014-06-03 17:20:15
Келди беков озу уюштурса керек да, не кереги бар эми .
+1
ACAH_AKA
2014-06-03 19:06:44
Негизи эле кыргыздарга онокот болур калды жамгыр жаабай койсо да пикетке чыгып
+2
upol92
2014-06-03 20:00:20
Алайда кун суукпу аябай калын кийинишиптир.
Оздорунун конулун которуп бийлей беришсин, болбосо ким которот. Булардагы кичине акчага алданып чыккан карапайым элго. Келдибеков чыкса деле булардын казанына аш салып бербейтко. Ойлонушпайбы отурсун уйундо жылуу чайын ичип.!!!
+3
aldiyar97
2014-06-03 22:19:54
Апалар!Эххх... Жол бууганынар кайсы да?Бийлегенинер кайсы?Кыргызстанда буулбаган жол калдыбы?
+1
eprel17
2014-06-03 23:31:13
Келдибековко эмне мынча болушту митингтерин токтотушпай Алайлыктар
+3
g.jumabekova
2014-06-04 10:03:52
Алакандай кыргыз элим аман бололучу. Тынч жашайлычы. Жол тоскондон маселе чечилсе эмдигиче чечилмек. Ортодо эч нерсеге тиешеси жок ишкерлер жабыр тартууда
0
baiyshvip
2014-06-04 11:00:16
Мамлекеттин мулкун кыянаттык менен пайдаланган уурунун орду турмодо эле болгону Дурус!!!аа Мырзакматовту колдоп чыгышып моминтип бийлешкенде Баракелде дээр элем!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан