Борбор калаада кароосуз иттерди коргоо жана аларды кароого каражат чогултуу максатында кайрымдуулук акциясы өтөт

Бишкек шаарында 8-июнь күнү “Ататүрк” сейил багында кароосуз иттерди коргоо жана аларды кароого каражат чогултуу максатында кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага келген коноктор өздөрү каалаган суммадагы акча каражатын берип, ал каражат кырсыкка кабылган иттерди кароого жумшалмакчы. “Кайрымдуулук акциясынан түшкөн каражат “Жашоого укугу бар” фондуна түшүп, ар кандай кырсыктарга кабылган иттерди багып жана аларды кароого жумшалат. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышат”,- дешет уюштуруучулар.

Акциянын алкагында үйрөтүлгөн иттердин бийлери, иттер үчүн тигилген кийим-кечелердин сынагы, “Иттер эмнелерди кыла алышат?” жана башка кызыктуу сынактар уюштурулмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dadin
2014-06-02 15:14:09
Кароосуз калган иттерди коюп,Кароосуз калган уй-булоолорго,жаш балдарга кайрымдуулук акциясын откорсонор.Кичине болсо да жардам болот.
0
Elya20
2014-06-02 15:19:01
Dadin, озону айтсан адамдарды кыйратып, иттер калдыбы?
0
aida2013
2014-06-02 16:44:59
Dadin, туура айтасын бул эмне деген шумдук эптеп акция откоруш керек деп акча жеш керек да а балдар уйундогу балдарга акция откорсо болбойт беле кечээ балдарды коргоонун эл аралык кунундо ото кейиштуу.....
-1
RNA78
2014-06-02 17:56:56
Уууххх куйосун да, кайсы кайрымдуу фонд уюштуруп жатат экен???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан