Борбор калаада 2014-жылдын 1-июнуна карата социалдык өнүктүрүү мекемелеринин каттоосунда аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 15 150дөй бала турат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоодо турган 15 150 баланын ичинен 10 033ү мектеп жашындагы балдар болсо, 5118и 7 жашка чейинки балдар. Ал эми 2554 бала 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
Аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 2 жашка чейинки 470 балага бекер сүт азыктары берилет. Жогорку окуу жайларда окуган 190 студентке 1000 сомдун тегерегиндеги стипендиялар, ал эми орто кесиптик окуу жайларында окуган студенттерге 700 сомдун тегерегиндеги стипендиялар берилүүдө.