Американын “Манас” аэропортунда орун алган Жүк ташуу борбору эртең расмий түрдө жабылат

Борбор калаада эртең, 3-июнда “Манас” аба майданындагы Американын Жүк ташуу борборунун расмий жабылышы өтүп, Америка тарап кыргыз өкмөтүнө символикалуу түрдө базанын ачкычын тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда басма сөз жыйынында Жүк ташуу борборунун командачысы Жон Миллард билдирди. Маалыматка ылайык, борбордо учурда 400гө жакын аскер бар. Алардын баары келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетет. Келишимге ылайык, алар июль айына чейин чыгарылып кетиши керек. Жүк ташуучу борбор менен бирге кыргыз тарапка борбордогу 30 миллион долларлык техника кошо тапшырылмакчы. Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлдү. Калганы Америка Кошмо Штаттарына ташылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bossmos7
2014-06-02 16:38:17
Эч качан кайтып келбегиле! Амандыкта океандын ар жагында жашай беринздер!
+4
nazhiev80
2014-06-02 16:49:28
ак жол асфальт жол! Аба жол! Кутулдук бир болсо
+3
aida2013
2014-06-02 16:57:03
ой кутулганыбызга шугур эми кирбей эле койгула .....
+3
Afrodita-12
2014-06-02 17:32:49
урааа! АША азамат!!!
-1
zenit28.
2014-06-02 22:27:42
Эми ошол техникаларды саттыра койбой бекемдеп кармап калып армиябызды тузотойлу жепутат агалар
+2
Likvidator
2014-06-03 09:28:47
Кыргыз элиме куттуктоолор болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан