Бүгүн, 2-июнда КРнын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бөлүм башчыларына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарада М.Токтомушев бөлүм башчылардын жүргүзүп жаткан иштерин угуп, өзгөчө балдардын жайкы эс алуусуна карата окуу бөлүмүнүн кызматкерлерине балдардын ислам илиминин негиздерин туура үйрөтүү менен катар Куранды окутуп үйрөтүүгө керек экендигин айтып, тапшырма берди.
Андан тышкары муфтий быйылкы жылдагы ажылык сапарды уюштуруу боюнча аймактарда жүргүзүлүп жаткан каттоо иштерине көзөмөл иштерин күчөтүүгө буйрук берди.