КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жудит Маргарет Фарнворт айым менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Биз акыйкатчы аппаратынын бардык бөлүмдөрүнүн жана түзүмдөрүнүн пландуу, ырааттуу ишине жана отчёттуулукка жетишебиз. Бул жарандардын укуктарынын бузулуулары боюнча арыз, даттанууларын кароодо алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат. Учурда ыкчам аракеттенүүчү топ түзүлгөн. Анын курамына медицина кызматкерлери, тажрыйбалуу юристтер кирген. Биздин кызматкерлер укук бузууларды видокамераларга тартып алышат”,- дейт Б.Аманбаев.
Жудит Маргарет Фарнворт өз кезегинде КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин укук коргоонун заманбап негиздерине үйрөтүү үчүн балдар укуктары боюнча тажрыйбалуу экспертти тартууга көмөктөшүүгө убадасын берди. Жолугушууда эки тарап адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө кызматташууга даяр экендигин билдирди.