Жалал-Абад облусунда 2013-2014-окуу жылында 11-классты 10 миң окуучу аяктады. Анын 7141и
мамлекеттик тестирлөөгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын Өкмөтүнүн
Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан
билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучулардын мамлекеттик тестирлөөгө
катышуусу былтыркы жылга караганда активдүү болуп, жылдан-жылга тестирлөөгө
катышкан окуучулардын саны көбөйүүдө.