Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптарын өзгөртүп, депутатты үй камагына чыгарууну эмес, аны толук бойдон абактан бошотууну талап кылышууда.
Жол буулгандан бери жүк ташуулар төмөндөп, баалар жогорулоодо. Ошондой эле жол тосуунун кесепетинен салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда.
30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "жол тосуудан келтирилген чыгым 12-20 миллион сомго чейин жетти" деп билдирген.
Бүгүн жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголгону жана алардын “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча ачылганы маалым болду.
Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.