Ысык-Көлдө коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууда кеңеш берүү боюнча семинар өтөт

КРнын Экономика министрлиги тарабынан июнь айынын ичинде Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кеңеш берүү багытында семинар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын адистери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышары күтүлүүдө. Аталган иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Экономикалык башкаруу чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо” долбоорунун алкагында өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан