Маалыматка ылайык, конференция ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети жана Коррупцияга каршы парламентчилердин дүйнөлүк уюму (GOPAC) тарабынан өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын негизги максаты КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен Орусия, Казакстан, Молдова, Грузия, Монголия, Индонезия, Канада, Йемен жана башкалар кирген GOPAC`га мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринин ортосундагы пикир алмашуу болуп саналат.