Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө шаар боюнча 13 протокол түзүлдү

Шаар боюнча жүргүзүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды жана шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузуулар катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр көчөсүнүн №65-үйүнүн 1, 5, 6-батирлеринде жеке адам тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүп, курулуш таштандыларын баш аламандыкта жыйноого жол берилген. Ошондой эле 8-кичи район, Ж.Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Каблучок” дүкөнү тарабынан таштандылар тротуарларга, газондорго ташталат. Ал эми Кулатов көчөсүндөгү №1, 1а, 3, 5-дарегинде жайгашкан чарба субъекттери таштандыларды баш аламандыкта жыйноо менен айланасында антисанитардык абалды түзүүгө жол беришкен. 

Рейддин жыйынтыгы менен КРнын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелери боюнча 13 протокол түзүлүп, чара көрүү максатында Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан