Маалыматка ылайык, Коргон-Катраң жолун куруу демилгеси ЖКнын депутаты Жусупали Исаев, өкмөт жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо таап, 3 жыл аралыгында сметалык баасы 48 миллион сомду түзгөн жол пайдаланууга берилди.
Аталган иш-чарага ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусупали Исаев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тилеберди Арипов жана башка жетекчилер катышты.