Тышкы иштер министрлиги: Американын Бостон шаарындагы жардыруу боюнча айыпталган кыргызстандыкка качкын статусу берилген

“АКШнын Бостон шаарында өткөн марафон учурунда террордук чабуулга тиешеси бар” деп айыпталган кыргызстандык 23 жаштагы Хайрулложон Матановго Америка тарабынан качкын статусу берилген. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

АКШнын аймагында туруктуу жашап келген Х.Матанов 2014-жылдын 30-майында "2013-жылдын апрель айындагы Бостондогу марафондо болгон жардырууну изилдөөгө тоскоолдук кылган" деген айыптын негизинде кармалган. АКШнын Бостон шаарынын прокуратурасынын бөлүмү менен ага документтерди жана буюмдук далилдерди жок кылуу, өзгөртүү жана жазууларды фальсификациялоо, ошондой эле жалган көрсөтмө бергендиги үчүн күнөө коюлган”,- деп кабарлады КРнын ТИМинин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары адвокат Х.Матанов АКШга 2010-жылы студенттик виза менен келип, Квинси колледжинде эки жылдай окуп, бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу окуусун токтотконун билдирди.

“Учурда ал АКШнын аймагында качкын статусу менен жашап келүүдө. КРнын АКШдагы элчилигинин консулдук каттоосунда турбайт. Ушуга байланыштуу кыргыз тарабынан төмөндөгүлөр аныкталды: Х.Матанов - Кыргыз Республикасынын жараны, 1990-жылы туулган, улуту өзбек, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Сузак айылынын тургуну. Аталган жаран укук коргоо органдарынын каттоосунда турбайт. Х.Матанов 2010-жылдын 26-майында Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, ошондон бери кайра өлкөгө кайтып келген эмес”,- деп маалымдады басма сөз кызматы.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Хайрулложон Матановго Америка тарабынан качкын статусу берилгендигине өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги АКШнын Мамлекеттик департаменти менен үзгүлтүксүз тыгыз байланышта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
furkat.0097
2014-06-02 21:08:11
мына сагаа. Бостондогу терактты келип келип кыргызстандын жарааны кылганын карасан!
+2
brend007
2014-06-03 00:27:16
furkat.0097, ХХХ ХХХ ХХХ... Ырыскысын адал жол менен эле тапса вшулар. Ботон жер болсо.
+3
admin_portal
2014-06-03 12:12:00
brend007 - 3 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
danok88
2014-06-03 03:18:54
кыргыздын атын булгашат ушинтип
+4
admin_portal
2014-06-03 12:23:32
zika - 20 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен жана провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-3
Tipu
2014-06-03 21:10:21
Men visaga kamynyp bashtasam ele USAda terakt bashtalat((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан