КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2014-жылдын 3-июнунан 6-июнуна
чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу билдирүү таратты. Ага ылайык, аталган мезгил аралыгында республиканын тоолуу аймактарында жана тоо
этектеринде сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээли
көтөрүлүшү күтүлөт.
"Ушуга байланыштуу ири
өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык
чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү
зарыл" деп айтылат ӨКМнын басма сөз кызматы берген маалыматта.