2014-жылдын 31-августунан тартып биометрикалык маалымат базасын топтоо иштери башталат

“Кудай буюрса, 2014-жылдын июль айында биометрикалык маалымат базасын топтоого бүт жабдууларды сатып алып, август ичинде окутуу иштерин жүргүзүп, 31-августтан топтоого өтөбүз”,- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, республиканын бардык облустарында, райондордо, жалпысынан көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө биометрикалык база топтоого штабдар, жооптуу кызматкерлер дайындалган. “Биометрикалык маалымат базасын топтоо үчүн жабдууларды алууга тендер жарыяланган. Бул маалымат эл аралык ММКларда жакшы берилгендигинен 18 өлкөдөн 30 компания тендерге катышууга макулдугун билдирген. Алар Германия, Малайзия, Франция, Швейцария жана башка өнүккөн өлкөлөр”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан