Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы коомдук унаанын айдоочуларына 20-апрелден тарта сынак жарыялаган эле. Анын жүрүшүндө Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери тарабынан маршруттук унаалар арасында текшерүү иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөргө татыктуу кызмат көрсөтүү, унааларды таза кармоо, схеманы сактоого басым жасалып, сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынтыгында 1-орунду №142-кичи автобус маршруту ээлеп, 4000 сом менен сыйланды. 2-орунга №108-кичи автобус маршруту татып, 3000 сомго ээ болсо, 2000 сом каралган 3-орун ээси №107-кичи автобус маршруту болду.
Ал эми калкты тейлөөнүн деңгээлин жогорулаткандыгы үчүн №124-кичи автобус маршрутунун айдоочусу Карим Базаров «Эң жакшы айдоочу» аталып, 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 53 маршруттук каттам бар. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыкты Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Нурлан Курманбаев тапшырды.