Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун “Алайдагы жол тосуулардын 2002-жылдагы Аксы окуяларына окшоштугун байкадым” деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында.
Анын айтымында, Аксы окуяларында эл Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен чыккан. “Бардыгыбыз билгендей, ошол окуяларда кан төгүлгөн. Бүгүнкү күнү Алайдагы окуялар ушундайга алып бара жатат. Жол тосуу башталганы менен, бийлик эл менен сүйлөшпөй жатат”,- деди Акун.