Биз социалдык тармакта

Турсунбек Акун "Алайдагы митингчилердин талабы мыйзамдуу, бирок жол тосуу иши мыйзамсыз" дейт

“ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду үй камагына бошотуу боюнча Алайдагы митингчилердин талабы мыйзамдуу. Бирок жол тосуу иши мыйзамсыз”,- деп айтты бүгүн, 5-июнда маалымат жыйынында мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун.

Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү Алайдагы митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол тосуу маселесин чечүүгө жетиши зарыл. “Ош-Эркеч-Там жолу эл аралык маанилүү унаа жолу болуп саналат. Ошондуктан митингчилердин кылган ушул иш-аракети эл аралык эрежелерди бузуу болуп эсептелинет. Албетте, мен буга каршымын. Бийлик сөзсүз түрдө алар менен жолугуп, талаптарын угуп, мыйзамдуу чечимге келиши керек”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан