"Ахматбек Келдибековду абактан бошотуп, ал биздин алдыбызга келмейинче жолду ачпайбыз". Мындай билдирүүнү бүгүн, 5-июнда Алайдагы Сопу-Коргон айылында Эркеч-Там унаа жолун бууп тургандардын бири
Адалат Мейрачова билдирди.
Эскерте кетсек, 27-майдан бери Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу боюнча Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургундары Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. 2-июндан тарта алар бийликке койгон талаптарын өзгөртүшүп, биротоло камактан чыгаруу талабын коюшкан.