Ош технологиялык университетинде 5-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленип, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын уюштуруусундагы концерттик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага окуу жайдын технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин окутуучулук-профессордук жамааты менен студенттери, ректораттын, Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемин өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.
Алгач келген коноктор тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, экология тармагына активдүү салым кошкон окутуучуларга, алдынкы студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Кеченин жүрүшүндө экологиянын көйгөйлүү маселелери чагылдырылган сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер, интермедиялар жана көркөм окуулар тартууланды.
Соңунда сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, баалуу белектер жана ОшТУнун профсоюз уюмунун акчалай сыйлыгы тапшырылды.