Талант Турдуматовдун айтымында, аркар-кулжалардын популяциясынын абалын изилдөө жана аларды сактоо максатында атайын программа кабыл алынган. Анын негизинде аркар-кулжалардын ээлеген аймагын, миграциясын изилдөө, аларды коргоо үчүн аталган департамент 5 GPS (спутниктик-радионавигациялык систем) каргысын сатып алган.
"Анын экөөсүн үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүнүн Сырт өрөөнүнө Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери менен чогуу барып, 2 тоо текенин моюнуна тагып келдик. Ошондон бери GPS аркылуу алардын күндө кайсы тарапка канча чакырым жолду басып өтүп жаткандыгын байкап жатабыз. Изилдөөлөрдөн тоо текелер Казакстан же Кытай тарапка да өтүп кетип жатканы же кетпегени аныкталат. Учурда тоо текенин бири мөңгүлөрдүн жанында жүрсө, экинчиси андан тескери тарапта жүргөнү билинүүдө",- деди ал.
Бишкектеги Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Аңчылыкты координациялоо жана аңчы чарбасынын ишкердигинин бөлүмүнүн жетекчиси Талант Турдуматов: "Кызыгы, биз каргыларды тагып келебиз деп Сыртка 2 жолу барып, бирок катуу суук жана калың жааган кардан улам тоо текелерди кармоого мүмкүн болбой кайтып келген элек. Үчүнчү жолу барганда гана тилегибиз ишке ашты. Текелерди кармоо үчүн узундугу 800 метр келген тор орноттук.
Текелер аларга илинип калганда көздөрүн байлап, анан каргыны тагып, коё бердик. Экөөсү тең 7 жаштан өткөн чоң текелер. Көзүн таңып койгондо алар жаш баладай болуп, кыймылдабай жатып беришет экен. Бизде аларды убактылуу уктатуучу ок менен атып кармоого деле мүмкүнчүлүк бар болчу.
Бирок бийик тоо климатында андай ок менен атканда тоо текелердин организми жабыркап, ооруп, узакка өздөрүнө келе алышпайт. Ал тургай өлүп калуулары мүмкүн. Андыктан алардын эч жерине залал келтирбей тор менен кармоону чечкенбиз.
Каргылардын батарейкасы 2 жылга дейре иштөөгө жетет. Анан мөөнөтү бүттү деген күнү каргы кулжалардын моюнунан өздөрү автоматтык түрдө түшүп калат. Демек, биз кулжалардын миграциясын 2 жыл изилдей алабыз.
Эми калган 3 каргыны Нарындагы жаныбарларга колдонобуз деп турабыз",- деп кошумчалады.