Бишкекте бүгүн, 5-июнда гүл сүйүүчүлөргө арналган “Гүл колейдоскобу” деген аталышта үйдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Аталган көргөзмөдө фиалка, бегония, стрептокарпус, глоксиния, кооздоо үчүн колдонулуучу жана башка гүлдөрдүн миңге чукул түрү коюлган.
“Гүл өстүрүү менен акыркы беш жылдан бери алектенем. Көбүнчө фиалка, бегония жана стрептокарпус гүлдөрүн коллекциялап, аларды көбөйтүү менен алектенем. Жеке коллекциямда фиалка гүлүнүн 450 түрү, бегониянын 50дөн ашуун түрү жана стрептокарпус гүлүнүн 50гө жакын түрү бар. Батиримдин бир чоң бөлмөсүн мен сүйүп өстүргөн гүлдөр ээлеп турат. Андан сырткары ар бир бөлмөдө атайын текчелер орнотулган. Кыскасы, үйүмдүн ичи өзүнчө эле күнөскана. Башында гүлдөрүм ооруп, жалбырактары түшүп калса аябай капаланчумун. Бирок тажрыйба топтогондон кийин өзүм кетирген каталарымды түшүндүм”,- дейт гүл коллекционери Ксения Белокурова.
Анын айтымында, гүл өстүрүү баарынын эле колунан келе бербейт. Аларды көбөйтүү, аларга кам көрүү да өзүнчө түйшүктүү иш.
“Гүл көбөйтүү чыгашалуу иш. 5 жылдан бери бир топ каражат сарпталды. Ал үчүн атайын жарыктандыруу, текчелер жана башка жабдуулар керектелет. Эң негизгиси өзүң жасап жаткан жумушту жакшы көрүү, ошондо гана ал сага өз үзүрүн берет. Гүлдөргө үйдө мен эле эмес, жолдошум, уулум да суктанат”,- деп кошумчалайт К.Белокурова.