Бишкектин аймагында коркунуч жаратуучу бак-дарактарды кыйып, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына “Зеленстрой” жашылдандыруу-көрктөндүрүү ишканасынын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 30-май күнү Москва менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде аялдамада турган адамды дарак басып калып каза тапкандыгынан улам жүрүүдө.
Учурда борбор калаанын Калык Акиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде тазалоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада шаар ичинде коркунуч жаратуучу жана кооптуу бак-дарактардын баары арааланып алынмакчы.