Муфтий балдарды ар түрдүү терс багыттагы диний агымдардын азгырыгынан коргоо боюнча жыйын өткөрдү

Бишкекте бүгүн, 5-июнда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев балдарды ар түрдүү терс багыттагы диний агымдардын азгырыгынан коргоо боюнча бөлүм башчыларына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жыйында муфтий бөлүм башчылардын жүргүзүп жаткан иштерин угуп, өзгөчө балдардын жайкы эс алуусуна карата окуу бөлүмүнүн кызматкерлерине мектеп курагындагы балдарга ислам илиминин негиздерин туура үйрөтүү керектигин айтты.

Ошондой эле муфтий балдарга Куранды окутуп-үйрөтүү жана туура жолду көргөзүү зарыл экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан