“Турмуш оңой нерсе эмес, ал эми жашы жете элек кыздар эрте турмушка чыгып, эч нерсеге даяр эмес болгондуктан, көпчүлүгү бир айга жетпей ажырашып кетүүдө. Мындан улам ажырашкандардын саны көбөйүүдө”,- дейт Убайдулла ажы Сарыбаев.
Казынын айтымына караганда, ар бир адам үй-бүлө курууга даяр болгондон кийин гана турмуш жолуна аттанышы керек. “Калк арасында эрте үйлөнүүнүн мыйзамсыздыгы жана ага катышкандарга карата кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз”,- дейт ажы.