Эртең Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Көмөк чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 6-июнда Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы: Интергельпо, Дэн Сяопин, Мозолев, Пишпекская көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Ошондой эле Жайыл районуна караштуу Мал-Табар айылында, Чүй районундагы Арпа-Тектир, Карл Маркс, Чапаев айылдарында жогорку чыңалуудагы “Кара-Балта” көмөк чордонунан тараган “Кара-Ой-Кегети-1” 35/6-10 кВт аба электр аба чубалгыларында, №329-трансформаторундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан