Маалыматка ылайык, атайын комиссиянын курамына акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринен сырткары ага тажрыйбалуу юристтер да кирмекчи. Атайын комиссия кыйноо фактылары болгон учурда ыкчам аракеттенип, кыйноо фактыларын фото жана видеого, ошондой эле диктофондорго жазып алышат.
“Бул комиссиядагы маанилүү звено болуп эксперт катары көз карандысыз, квалификациялуу медиктердин тартылышы эсептелет. Анткени кыйноо фактылары медициналык жактан кеч күбөлөндүрүлгөндүктөн, кыйноонун изи, дене бойдогу көктөр, сабоонун издери билинбей калып, кыйноону колдонгондорго карата кылмыш ишин козгоого далил аз болууда”,- дейт Б.Аманбаев.