Ошто Июнь окуяларынын 4 жылдыгына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт

Ош шаарында Июнь окуяларынын 4 жылдыгы алдында коопсуздук маселеси боюнча бир катар иш-чаралар көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Ош ШИИБинин башчысы Кылыч Жолдошев Ош шаарынын мэриясынын Координациялык кеңешинде билдирди. 

Маалыматка ылайык, милициянын кызматкерлери 8-июндан тарта күчөтүлгөн иштөө режимине өтүшөт. Учурда ар түрдүү митинг жана пикеттерге катышуу үчүн тарта турган топтор менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2010-жылдын Июнь окуяларына быйыл 4 жыл болот. Бул улут аралык жаңжалда 500гө жакын адам каза болуп, 40тай адам дайынсыз жоголгон, ал эми 1000дей адам жабыр тарткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg.555
2014-06-06 02:24:36
"койнунда жатып билинбейт,хотындан откон душман жок"-дейт...Жакшы караш керек шаардын айланаларын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан