Бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда соттун отурумунун жүрүшүндө
"3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип жаткан
Үсөн Сакатаевдин өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кызматтык тергөө амалдарын жүргүзөт. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү
Элеонора Сабатарова билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары бул иш прокуратурага өткөрүлүшү мүмкүн.