Жаза аткаруу кызматы: “Сот залынан өз өмүрүнө кол салган жаран кайра СИЗОго жеткирилди”

Бүгүн, 5-июнда сот залынан өз өмүрүнө кол салган Үсөн Сакатаев кайра СИЗОго жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, учурда Ү.Сакатаевдин ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.

Белгилей кетсек, окуя бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда соттук отурумдун жүрүшүндө орун алды. "Тез жардам" кызматы Ү.Сакатаевге биринчи жардам көрсөтүп, Улуттук госпиталга жеткиришкен. Буга чейин КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча кызматтык тергөө амалдарын жүргүзөрүн маалымдаган.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Ү.Сакатаев "3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg.555
2014-06-06 02:16:56
бул баланын колунан адамга жакшылык кылуу келет бекен?;- деген ой пайда болот экен жасагандарын карап туруп, озунун кызын зордуктаса,озунун жанына озу кол салса!!!!!!
+1
arzigul89
2014-06-06 12:32:04
Анын акыл эси жайында эмес,маняк,бир омурго камаш керек,эгер турмодон чыкса дагы мындай иштерди кылат
0
jakula
2014-06-06 18:46:43
Турмодон кыйнашканго,жашагысы келбей калса. Бирок ага бул да аздык кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан