"Жусуп Мамай жаратылыштан манасчылык өнөрдүн ээси, заманыбыздын даанышман адамы болгон. Анын кыргыз элине жана дүйнө коомчулугуна зор эмгеги үчүн баа берүү оңой эмес. Ал өз өмүрүн биздин көөнөрбөс дөөлөтүбүз "Манас" эпосун муундан-муунга айтып жеткирүүгө чоң салым кошту",- деди Сариева.
Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып келип, вице-премьер-министр Эльвира Сариева улуу манасчынын элесине арналган иш-чаралар өтөрүн белгиледи.
"Кыргызстандыктар жерге берүү зыйнатына катыша албай калышты. Кыргыз өкмөтү залкар манасчынын элесине арналган иш-чараларды быйыл да, келерки жылы да өткөрүүнү пландап жатат",- деди вице-премьер-министр.