Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Апыртан айылынын жашоочулары жаңы электр жабдуулары менен камсыз болушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Апыртан айылында электр жабдуулары эскиргендиктен, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө туруштук бере албай калган. Анткени жыгач мамылардын жарактуу мөөнөтү аягына чыккан. Аталган айылга жаңы 72 даана электр мамы, жогорку кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.
Айта кетсек, бул айылда жалпысынан 24 түтүн отурукташкан.