Жалал-Абадда электр энергиясына болгон карызы көп абоненттерге “Жалал-Абад электр” ачык акционердик коому атайын рейд жүргүзүү иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларында атайын түзүлгөн комиссия дебитордук карызга баткан жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Айта кетсек, негизги карыз төлөнсө, кошулган туум кыскарат. Бул акция үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда аяктайт.