Ошто газ жоктугуна байланыштуу элдин турмушун жеңилдетүү чаралары көрүлүүдө

Ош шаарынын аймагында 14-апрелден бери газ жоктугуна байланыштуу Ош шаардык мэриясы бир катар иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мэр Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен Ош шаарында электр энергиясын пландуу өчүрүүлөр токтотулган. Ал эми Ош райондук электр тармактар ишканасы авариялык кырдаалдарды тез арада жоюу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Ошондой эле шаардагы ооруканалар жана бала бакчалар керегине жараша отун менен камсыздалган.

Ошону менен катар вице-мэр Кутманалы Абдырахманов жана мэриянын жооптуу кызматкерлери шаардын 12 аймактык кеңешинин жана Жапалак айылынын тургундары менен жолугушуп, газ маселеси боюнча керектүү маалыматтарды берип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан